Ош облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырды
Равшан Жээнбековдун Таластагы эс алуу жайы мамлекетке өттү
15.03.2024 | 10:35
Саясый оппозиционер Равшан Жээнбековдун Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон “Эдельвейс-Тур” эс алуу зонасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Эс алуу жайы жайгашкан жер тилкеси 16 млн 871 миң сомду түзөт.
Атайын кызматтын маалыматында, Равшан Жээнбеков 2000-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун жетектеп турган кезде жер тилкеси саясатчы менен байланышкан жактарга мыйзамсыз берилген.
Равшан Жээнбеков өзү учурда “Кемпир-Абад иши” боюнча бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө айыпталып, №1 Тергөө абагында кармалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом