Бишкекте Нооруз өзгөчө көрк жана шаң менен белгиленүүдө. Буга чейин майрамдык салтанат үч күнгө созулары кабарланган.
Мэриянын билдирүүсүндө борбордук аянтта концерттик жана көңүл ачуучу программалар түнкү саат 22.00гө чейин болот.
Жер жарылып чөп чыгып, жаз демин алып келген Ноорузду түрк жана перс элдери майрамдайт.
Ал 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз