Кыргызстандын курамасы 10 оюнчу менен Тайбейди 2:0 эсебинде жеңди (видео)

Кыргызстандын курамасы 10 оюнчу менен Тайбейди 2:0 эсебинде жеңди (видео)

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кытайлык Тайбей менен болгон беттеште 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок. Бирок биринчи бөлүктүн 24-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Саид Дациев экинчи ирет сары айып кагазын алып, оюндан чыгарылды. Андан ары «ак шумкарлар» 10 спортчу болуп гана ойноду.

Голдор экинчи таймда киргизилди. Беттештин 53-мүнөтүндө Кожо Жоелден пас алган Кай Меркти Тайбейдин айып аянтчасында атаандашы чалып жыгытты. Натыйжада калыс пенальти белгиледи. Пенальтини кураманын капитаны Валерий Кичин тээп, гол киргизди. Бирок кыргызстандык футболчулар голду майрамдаган жок. Себеби жакында эле кураманын машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы каза болгондуктан, Кыргызстандын футболчулары аны эскерүү иретинде колдоруна кара тасма байлап чыккан.

Андан кийин 80-мүнөттө Кай Мерк каршы чабуулга чыгып, Кыргызстандын курамасынын эсебиндеги экинчи голду киргизди. Ошону менен оюн 2:0 болуп жыйынтыкталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>