Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Жаңы ат майдан кайсы жерде курулары белгилүү болду
21.03.2024 | 15:55
Жаңы ат майдандын аймагы 200 гектарды түзөт. Бул тууралуу бүгүн анын курулушун баштоо аземинде айтылды.
Ал дагы “Ак кула” деп аталып, башкы бөлүгү 20 миң орундуу, көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орундуу болот.
Ат майданынын имараты көп функционалдуу болот. Анын ичинде соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан эске алынган, кыскасы комплекстин жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Ат оюндарына келүүчүлөрдүн коопсуздугу да эске алынган.
Мындан башка ал долбоордун алкагында көмөкчү жана чарбалык имараттар: сарайлар, устакана, ветеринардык оорукана, карантин жана башка ушул сыяктуу жайлар да салына турганын кошумчалады.
Ипподром Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар