Бишкек шаарында өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов районунун Широкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 20:03дө толугу менен өчүрүлдү.
Тилекке каршы өрт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган М. Р аттуу эркек киши каза тапкан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз