Бүгүн Орусияда аза күтүү күнү

Бүгүн Орусияда аза күтүү күнү

Орусияда 24-март жекшемби күнү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганын президент Владимир Путин билдирди.

Орусиянын президенти Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактыга байланыштуу кайрылып жатып, ал «Крокус Сити Холлдо” болгон кол салууну кандуу теракт деп атап, дарыгерлер террористтердин колунан жабыркаган жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн баардык аракеттерди жасап жатат деген ишенимин билдирди.

«Башына мүшкүл иш түшүп, кайгы басып турган, жабыркаган жана жарадар болгон бардык үй-бүлөгө керектүү жардамды беребиз. Куралдуу кол салууда жакынын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. 24-мартты Аза күтүү күнү деп жарыялайм», — деди Путин.

22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда «Пикник» тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун да, жабыркагандардын да саны 100дөн ашты. Терактыга түздөн-түз катышы бар делген ондон ашык адам кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>