Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданган чет элдик топтун мүчөлөрү кармалды, — УКМК

Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданган чет элдик топтун мүчөлөрү кармалды, — УКМК

УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга камынган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, чет элдик жарандардан жана мамлекеттер аралык издөөдө болушу мүмкүн болгон адамдардын ичинен уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерин аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды уюштуруунун жүрүшүндө трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналган Азербайжандын беш жараны белгилүү болгон. Алар — В.М. Алиев, С. А. Багхиров, М. О. Асгаров, М. С. Бехбудров жана З.И. Маммадов.

УКМКнын маалыматына караганда, алар улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан, ичинде криминалдык дүйнөдө Бродяга деген каймана атка ээ А.М.О. аттуу адам да болгон.

«Ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө, уурулук идеологиясын жайылтуу, өзүнүн статусун жогорулатуу максатында жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшкөн мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн шериктери менен Кыргызстандын аймагына келген», — деп айтылган маалыматта.

УКМК жүргүзүп жаткан кесилгендердин кылмыштуу идеологиядан массалык түрдө баш тартуусу, эркиндикке чыккандан мамлекеттик саясатты колдоосу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар келечекте аларга терс таасирин тийгизеринен кооптонушкан. Бул чет жактагы кылмыштуу дүйнөнүн лидерлерине жаккан эмес.

«2024-жылдын 22-мартында жогорудагы айтылгандардын бардыгы кармалган. Учурда аларды Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>