7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Интернет, ЖМК аркылуу адамды сөгүп, жалаа жапкандарга жаза берүү сунушталууда
02.04.2024 | 15:27
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет аркылуу жалаа жабуу жана акарат келтирүү үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштоодо.
Тиешелүү мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыгып, учурда коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушка ылайык, кимдир бирөөнү ЖМК жана интернет аркылуу кемсинтип, акарат келтирген жарандарга жаза катары 7,5 миң сом жана юридикалык жактарга 23 миң сом каралган.
Ошондой эле бир адам тууралуу атайын жалган маалымат тараткандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу сунушталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом