10-апрелде тарта Бишкектин көчөлөрүнөн бир катар маршруткалар алынат

10-апрелде тарта Бишкектин көчөлөрүнөн бир катар маршруткалар алынат

10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу иши башталат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка караганда, Ахунбаев көчөсү — 7 — апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.

10-апрелден тарта 135 кичи автобус шаарга кирбейт. Алар № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдар.

Экинчи этап 10-майдан башталып, 159 транспорт ( №138, 163, 192, 202, 207, 220) чыгарылат.

1-июндан тарта 589 маршрутка шаар сыртына чыгарылат. Алар: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295-каттамдар.

Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>