Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Бишкектин айрым жерлеринде 9-апрелде суу болбойт
06.04.2024 | 11:29
9-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ал күнү саат 9:00дөн 23:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек-Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүн камтыган аймакта суу болбойт.
Суу Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар