Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам аман-эсен табылды
12.04.2024 | 11:17
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам Мамырканов аман-эсен табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, баланын апасы 9-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Ал уулу 8-апрелде болжол менен саат 13:00до Бишкектин Аламедин-1 кичи районундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра келбегенин айтып, аны табууга жардам сураган.
Өспүрүм бала 11-апрелде аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле баланын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом