7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Коон, жүгөрү, сүт азыктары. Кыргызстан Кытайга эмне экспорттойт?
26.04.2024 | 09:00
Кыргызстандан 13 сүт азыктарын чыгаруу, 11 бал компаниясы жана 1 терилерди кайра иштетүүчү ишкана Кытайга товарларын экспортоого уруксат алышкан. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, Кытайга буудай уну, алча, коон, жүгөрү, жүзүм жана буурчак сатылат. Кошуна мамлекеттин Башкы бажы башкармалыгынын сайтындагы ( http://dzs.customs.gov.cn/ ) реестрге Кыргызстандан 42 алча, 10 коон өстүрүлүүчү жана 12 жер-жемиштерди сактоочу жай киргизилген.
Кытай рыногуна башка айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн CIFER сайтына катталуу менен экспортко чыгарууга уруксат берилет.
Ал үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
- Департаменттин атына арыз (өтүнмө)
- Логин пароль ачуу
- Логин пароль менен керектүү документтерди киргизүү
- КЭР тарап уруксат бергенден кийин экспортко чыгара алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат