Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Агенттик: Айдоочулук күбөлүк алган аялдардын саны өсүүдө
26.04.2024 | 12:15
Өлкөдө 2 миллион 777 миң 340 адамдын айдоочулук күбөлүгү бар. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.
Алардын 84,1 пайызын эркектер түзсө, калган 15,89 пайыздагы айдоочулук күбөлүктү айымдар алган.
Агенттиктин билдирүүсүндө, транспорт башкарган аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Мисалы, 2023-жылы 25 миң 368 айым айдоочулук күбөлүк алса, 2024-жылдын 1-январынан 24-апрелине чейин 7 миң 777 айым сынактан өтүп, айдоо укугуна ээ болду.
Бишкек шаарынын Чокан Валиханов №2а көчөсүндө жайгашкан Чыгыш бөлүмү аркылуу дем алыш күндөрү сынак тапшырып, айдоочулук күбөлүгүнүздү жаңыртып же кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз