Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкекте “Ы” тамгасына эстелик орнотулат
26.04.2024 | 12:47
Бишкекте “Ы” тамгасына эстелик орнотулат. Анын ачылышы 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө арналат.
Уюштуруучулардын маалыматында, кыргызча-орусча сөздүктө “Ы” тамгасынан башталган 600дөн ашык сөз бар. Курамында бул тыбыш болгондугунун натыйжасында “Кыргыз”, “Кыргыз эли”, “Кыргызстан” деген бренддер сырткы дүйнө тарабынан чын жүрөктөн жана татыктуу кабыл алынган.
Арт-объект кьюар-код менен жабдылат: “Ынтымак” паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, кыскача орусча-кыргызча сөздүктү жана сүйлөшмөнү ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.
“Ы” тамгасына эстелик буга чейин Россияда орнотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом