Чүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арызданды
Акжолтой Тукунов 2 айга камалды
26.04.2024 | 13:08
Монополияга каршы агенттиктин директорунун мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов 17-июнга чейин камалды. Бул боюнча бүгүн Чүй облустук соту чечим кабыл алды.
Аны менен Аламүдүн райондук сотунун Тукуновду камоого каршы болгон бүтүмү жокко чыгарылды.
Белгилей кетсек, Акжолтой Тукунов 19-апрелде кармалып, райондук сот аны камакка алууга каршы чыгып, тергөө учурунда өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.
Ага милиция Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренесине (массалык башаламандыктарга аракет көрүү) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом