МСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат21-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты
Балага ата-энесинин бирөөсүнүн уруксаты менен эле паспорт берүү сунушталды
26.04.2024 | 18:20
Бой жеткен жаранга ата-энесинин бирөөсүнүн уруксаты менен эле паспорт берүү зарыл. Бул тууралуу “Альянс” фракциясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.
Анын айтымында, ажырашып кеткен үй-бүлөнүн балдары кээде паспорт алууда кыйынчылыктарга дуушар болот.
“Ал үчүн ата-эненин экөөнүн тең уруксаты керек болот. Биз баланын укугун чектеп жатабыз. Ал өзүнүн үй-бүлөлүк шартына карабай паспорт алыш керек. Андыктан бирөө арызы менен документ берилиши шарт. Бул норма биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда бар”, – деди депутат.
Белгилей кетсек, “Альянс” фракциясы алимент маселесин талкуулады.
Атасыз өскөн муун. Бир жылда 35 миң баланы расмий никеси жок аял төрөгөн
Рубрики: Жаңылыктар, Коом