Ош облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырды
“Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
28.04.2024 | 10:21
Бишкек — Ош унаа жолундагы “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына 27-апрелде саат 21:00дөн тартып, убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ага аба ырайы кескин өзгөрүп, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, бороон чапкын болуп жатканы себеп болгон. Учурда 15тен ашуун оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.
ЖКККББ айдоочуларга жолдо жүрүүдө ылдамдыкты, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар