Үч жашар кыз сабалып, ооруканага түштү. Өгөй атасы кармалды

04.05.2024 | 13:46

Чүй облусунда үч жашар кызды ур-токмокко алып келген деген шек менен анын өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 29-апрель күнү саат 14:20 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө ооруканадан Буденовка айылынан 2021-жылы туулган Р.Н. аттуу кыз ар кандай дене жаракаттары менен келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталган. Үч жашар Р.Н. аттуу кызга системалуу түрдө зомбулук көрсөтүп келген деген шек менен кыздын өгөй атасы, 1996-жылы туулган М.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

[image_carousel source=”media: 209022,209023,209024,209025″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top