Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу талабы өзгөртүлдү
05.05.2024 | 11:02
2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу талаптары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, тандоого жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмундарында учурда 6- жана 8-класста “жакшы”, “эң жакшы” баада окуган окуучулар катыша алат.
Тандоонун жыйынтыгында жалпы 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, ал эми 8-класстар арасында 48 окуучу кабыл алынат.
Сынактын алкагындагы тестирлөөлөр 11-майда башталып жалпы үч тур менен өткөрүлөт. Маалымат алуу үчүн Telegram тиркемесиндеги “Акылман” кабыл алуу-2024” тобуна кошулуу керек же exam.edu.kg сайтына катталуулары зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар