Бишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармады
Сүлүктү, Лейлекте сел үйлөрдүн короосун, көчөлөрдү каптады
06.05.2024 | 11:03
5-май күнү Лейлек району менен Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Райондун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош — Раззаков унаа жолун суу каптап, үйдүн короолоруна кирген.
Сүлүктүдө 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жертөлөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар