Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын көлөмү 7 миң кубду түздү. Маалыматка караганда, көчкү түшкө жерге жакын 9 үй-бүлө жашайт.
«1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн», — дейт ӨКМ.
Көчкүнүн айланасында 250 метр узундукта 20- 25 см жаракалар бар экени аныкталды. Айылдыктарга мал багууга, эгин экпөөгө (жерди айдообого) тоют жыйнабоо эскертүү берилди.