Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Виктор Франклдын белгилүү китеби кыргызча которулду
07.05.2024 | 19:00
Психиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги “Жашоонун маңызын издеген адам” (“Man’ s Search For Meaning”) китеби кыргыз тилинде жарыяланды. Бул тууралуу “Китепстан” басма үйү билдирди.
Аны Айсулуу Тынышова которду.
Китепте нацисттик өлүм лагерлериндеги азаптуу жашоо сүрөттөлүп, автор өзүнүн өмүр таржымалынын негизинде кыйынчылыктарды кантип жеңгенин жана аман калганын баяндайт.
“Ал жашоодо көп нерседен тирүүлүктүн маани- маңызын таап, жаңы максат менен илгери умтулса болорун ырастайт. Китеп психологдорго, педагогдорго жана бардык окурмандарга сунушталат”, – дейт басмакана.
Чыгарма 24 тилде чыгып, дүйнө боюнча 12 миллион нускадан ашык сатылган.