Балдар арасында көк жөтөл күч алды. Дарыгерлер эмделүүгө чакырат

10.05.2024 | 18:30

Көк жөтөл оорусуна көбүнчө эмделбеген балдар чалдыгып жатат. Бул тууралуу Бишкектин саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында, көк жөтөл илдети былтыркыдан бери күч алууда. 2023-жылы бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миң 708ге жеткен.

“Эмделбеген балдар ооруп жатат. Кыргызстанда көк жөтөлгө каршы 2-2,5-5 айда жана 5 жашында эмделет. Бирок акыркы жылдары көп ата-энелер мындан баш тартууда”, – дейт дарыгер.

Бурул Асыкбекованын айтымында, оорунун кеңери жайылышынан улам 2 айга чыга элек наристелер дагы жуктуруп жатышат.

“2 айга чейинки балдар дагы ооруп жатат. Азыр илдетти азайтуу чараларын көрүү зарыл. Өзү мурда 4 жашка чейинки балдар ооруса, азыр андан чоңдор, улуу кишилер дагы жапа чегип жатат”, – дейт ал.

Бурул Асыкбекова көк жөтөлдү жеңген баланы эмдөөнүн зарылчылдыгы жоктугун белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top