Жалал-Абад облусунда эки жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-майда Сузакта 37 жаштагы А.И. жана 47 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар 8,33 грамм «нашаа» сатууга шектелип колго түшүрүлгөн. Алынган маңзат боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. Кармалгандарга 282-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганча 1 айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.