Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Сузакта эки тургун баңгизат сатууга шектелип кармалды
14.05.2024 | 19:07
Жалал-Абад облусунда эки жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-майда Сузакта 37 жаштагы А.И. жана 47 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар 8,33 грамм “нашаа” сатууга шектелип колго түшүрүлгөн. Алынган маңзат боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. Кармалгандарга 282-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганча 1 айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.