Ош мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Таласта 30дан ашык жылкыны уурулар Казакстанга айдап кеткен
17.05.2024 | 09:30
29-апрелде Манас районунун Сөгөт айылында 30дан ашык жылкы жоголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, үйүрдү Казакстанга айдап кирип кетишкен.
“Бул боюнча уурулук факты менен иш козголгон. Укук коргоо органдары иштеп жатат. Бирок мал Казакстандын аймагына айдалып кеткени айтылып жаткандыктан Ички иштер министрлиги тарабынан көзөмөл зарыл болуп турат. Анткени башка өлкөдөн малды кайтарып алыш керек. Мал ээлери чоң чыгымга учурап олтурат”, – деди эл өкүлү.
Буга чейин дагы Таласта бир нече жолу үйүр жылкы жоголгон.
Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду. Милиция эмне дейт?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал