Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Пакистан Бишкектен студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну талап кылды
21.05.2024 | 10:50
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен Астанада жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясый мекемеси билдирди.
Пакистандын медиасынын маалыматында, Мухаммад Исхак Дар Жээнбек Кулубаевден Кыргызстанда окуган студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.
Андан тышкары 18-майда кол салгандарды жоопко тартууну талап кылган.
Мухаммад Исхак Дар кыргыз өкмөтүн жабыркаган пакистандыктарга көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирген.
Бүгүн “Манас” аэропортунан Исламабад, Пешавар жана Лахор шаарына алты учак учат. Анын экөө чартердик каттам.
Интернетте аба майдандан учуп кетип жаткан пакистандын жарандарынын видеосу жарыяланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом