Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Талаага төгүлгөн пияздын видеосу. Айыл чарба министрлиги үн катты
27.05.2024 | 18:15
“Фейсбукка” жарыяланган талаага төгүлгөн пияздардын видеосу Кыргызстанга тартылган эмес. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Аталган видео “Фейсбуктагы” Bishkek Life тайпасына чыккан. Видеодон өнүп, жаман болуп кеткен пияздар талаага ыргытылганын көрүүгө болот.
Айыл чарба министрлиги талаадагы пияздын видеосу Кыргызстанда эмес, Казакстандын Шор-Төбө аймагында тартылганын билдирет.
“Ошондой эле, учурда министрлик өлкө аймагында кампаларда сакталып турган былтыркы пияздар дыйкан-фермерлерге эмес, ортомчуларга (алып-сатарларга) таандык экендигин белгилейт жана пияздын жаңы түшүмүнүн баасы туруктуу бойдон сакталышына көмөк көрсөтөт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом