Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкекте балдардын рак оорусуна каршы күрөшү боюнча семинар өттү
28.05.2024 | 20:00
Бишкекте балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эффективдүү стратегиялары боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Иш-чара биринчи айым Айгүл Жапарованын, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, ДССУнун эл аралык эксперттеринин, ошондой эле балдар онкологиясы тармагындагы алдыңкы адистердин катышуусунда өттү.
Иш-чаранын максаты балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө улуттук жана эл аралык уюмдардын аракеттерин бириктирүү. Балдар онкологиясынын актуалдуу проблемаларын талкуулоо. Рак оорусунан жапа чеккен балдардын жашоо жана дарылоо сапатын жакшыртуу үчүн натыйжалуу чечимдерди табуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом