Кыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду
Блогер «Sydyman» эки айга камакка алынды
19.02.2020 | 09:29
“Sydyman” деген ат менен таанымал блогер Элмир Сыдыманов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Чечимди Октябрь райондук соту чыгарып, шектүү №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилген.
Блогер буга чейин өзүнүн “Инстаграм” баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.
Милиция аны 17-февралда Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) кармаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар