Бүгүн Ош шаарынын Кокумбий көчөсүнүдө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо саат 14:56да толук өчүрүлгөн.
Кырсыкта 7 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.