«Радуга» пансионатындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Төрт коттедж күйүп кеткенКыргызстандыктарга электр жабдууларын колдонуу көлөмүн азайтуу сунушталуудаАстанада билим жана илим боюнча эл аралык форум өтүп, ага Токаев катыштыЫсык-Көлдө «Радуга» пансионатынын коттедждери күйүп жатат«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптады
“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери кайра митингге чыгышты
10.06.2024 | 10:45
Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери кайра митингге чыгышты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ишкерлер билдиришти.
Ишкерлер электрондук счет фактура (ЭСФ) жана Электрондук товардык-транспорттук коштомону (ЭТТН) колдонууга каршылык билдиришүүдө. Алардын айтымында, Салык кызматынын бул талаптарын аткаруу үчүн алар бухгалтер алып, ашыкча чыгымга учурайт. Соодагерлер ККМ-аппаратын орнотууга каршы эместигин белгилейт.
Алар маселеси чечилмейин ишке чыкпай турганын айтышты.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта соодага патент жоюлуп, базарлар жаңы салык тартибинде иштөөгө өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом