ЖК комитети Аталар күнү тууралуу мыйзамды 1-окууда колдоду

ЖК комитети Аталар күнү тууралуу мыйзамды 1-окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутат Медербек Алиев демилгелеген. Алиев Аталар күнүн 15-мартта белгилеп, аны жыл сайын майрамдоону сунуштап жатат. Ал күн эс алуу күнү болбойт.

Анын айтымында, бул мыйзам коомдун өнүгүшүндөгү аталардын ролун жана кошкон салымын таанууга, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Алиев билдиргендей, Аталар күнү АКШ, Корея, Россия жана башка мамлекеттерде майрамдалат. Бул мыйзам долбоорун 50гө жакын чыгармачыл интеллигенция өкүлү колдой турганын айтып, кол коюп берген. Интернетте да суражылоо жүрүп, ага катышкандардын 80%дан ашыгы колдогон.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен 2012-жылы Энелер күнүн белгилөө бекитилген. Ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>