МСК салык милдеттенмелеринин календарын сунуштадыАКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмесКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын уттуЖогорку Кеңеште жыйындарга онлайн катышуу тутумун киргизүү жана комитеттердин аталыштарын кайра карап чыгуу сунушталдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министри болуп дайындалды. Президент кол койдуПрезидент Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кылып дайындады
Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат
24.06.2024 | 10:14
Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапар 24-26-июнь күндөргө белгиленген. Анын алкагында, 25-июнда Жапаров Бельгиянын королу Филипп, ошондой эле Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө”, – деди Азымбакиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом