Сианьдагы жолугушуу: ШКУ өлкөлөрү Өнүктүрүү банкын түзүүнү илгерилетүүдөКыргызстанда Акыркы коңгуроо 29-майга жылдырылдыИгорь Шестаков: Евробиримдик Кыргызстанга эмне үчүн санкция салдыКыргызстандагы орус тили жана мектептер: реформалар, мугалимдердин тартыштыгы жана баланс маселеси«Любэ», Басков жана «Блестящие» 9-майда Караколдо концерт беришетЖалган «халал» үчүн айып пул салынат: Кыргызстанда бул тармактагы көзөмөл күчөтүлөт
Троллейбустарды ордуна койгула! Бишкекте акция өттү
04.07.2024 | 14:00
Бишкекте троллейбустардын ишин токтотууга каршы акция өттү. Ага катышкан активисттер борбор калаадагы транспорттун эң жашыл түрүн сактоого чакырат.
Алардын маалыматында, мэрия троллейбустук линияларды алып салып, шаарга 10 миллиард сом зыян келтирген.
“Бишкекте троллейбустар 74 жылдан бери жүрөт. Бул арада ал шаардын бир бөлүгүнө айланды. Ага карабай мэрия 19-июндан тарта өз алдынча троллейбустук линияларды жок кылууда. Айтмакчы, демонтаж дагы эрежелерди бузуу, шаардыктарга зыян келтирүү менен жүрүп жатат. Троллейбустарды ордуна коюуну талап кылабыз”, – дейт активисттер.
2023-жылы коомдук транспорттун бул түрү 20 миллион жүргүнчүнү ташыган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом