Бакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен тааныштыЦумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда23-февраль: Өлкөдө күн ачык болотИнсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулат
БШК: Салымбеков менен Тыналиев ЖК депутаты болуп шайланды
05.07.2024 | 10:22
Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыктарын чыгарды.
Бишкектин Свердлов району боюнча депутат болуп Жумабек Салымбеков, Ысык-Көл району боюнча Айжигит Тыналиев шайланды деп табылды. 30-июндагы шайлоодо Салымбеков 10 миң 623 (64,64%) , ал эми Тыналиев 3 миң 498 добуш алган.
Ошондой эле БШК Ноокат району боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Ал жакта 5 тилкеде добуштар кайра саналары кабарланды.
Автоматтык эсептөө үкүктөрдөн алынган алдын ала маалымат боюнча, Ноокат району боюнча шайлоодо көп добушту Бакытбек Марипов алган.
https://reporter.kg/shajloo-maripov-salymbekov-zhana-tynaliev-deputat-bolushu-mymkyn/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом