Акылбек Жапаров “Кымыз Фест – 2024” фестивалына барды

06.07.2024 | 16:24

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалына барды.

Минкаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты.

Акылбек Жапаров этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-ашты, улуттук тамак-аштын түрлөрүн, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, кыргыз элинин жана Кыргызстандын элинин улуттук оюндары сактоо жана өнүктүрүү каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи.

“Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат. Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, – деди Акылбек Жапаров.

Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды.

Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген. Быйыл 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

[image_carousel source=”media: 211846,211847,211848,211849,211850,211851,211852,211853,211854,211855,211856,211857,211858,211859,211860,211861″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top