«100дөн ашык чийки зат бар». Жапаров Орусияда тоо-кен тармагы тууралуу айтып берди

«100дөн ашык чийки зат бар». Жапаров Орусияда тоо-кен тармагы тууралуу айтып берди

Кыргызстанда 100дөн ашык чийки зат топтолгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Екатеринбург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында  INNOPROM эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн талаасында «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык өнөр жайдын көңүл чордонунда» деген темадагы негизги стратегиялык сессиясында билдирди.

«Ал «өлкөнүн экономикалык өсүшүндө жана туруктуу өнүгүүсүндө негизги ролду ойноп, инвестиция жана өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган» тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө токтолду», — дейт өкмөттүн маалымат кызматы.

Акылбек Жапаров  Кыргызстандагы кендер жогорку деңгээлдеги ишканаларды ачууга мүмкүндүк берерин айтты.

«Маселен, бир кендеги титаномагнетиттин болжолдуу запасы 20 миллион тоннага жакын, ал эми сейрек кездешүүчү металлдардын запасы Куттесай-2 кенинде 60 миң тоннага жакын”, — дейт ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>