Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Бишкектеги дагы бир конушта тротуарды дубал тосуп калган (видео)
11.07.2024 | 11:19
Бишкек шаарынын Жеңиш жаңы конушу менен Пригородное айылындагы (мурда Аламүдүн районуна караштуу) жолдун тротуары дагы жарым жерде үзүлүп, дубал тосуп калган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурмандар билдиришти.
Алардын айтымында, жол 2 жыл мурда оңдолуп, тротуар салынган.
“Бирок кызыл сызыкка чыгып кеткен үйлөр артка жылдырылган эмес. Айрымдары бузду, бирок кээ бирине бийликтин күчү жетпедиби же сүйлөшүп коюштубу, жайында калды. Эми мектеп окуучулары ушул жерге келгенде жолдун аркы бетине өтүүгө аргасыз”, – дейт ал.
Андан сырткары, тротуардын ортосунда сым карагай дагы тосуп калган.
https://reporter.kg/zharym-zholdo-zhogolgon-trotuar-bishkektegi-konushdagy-zhany-zholdun-yngajsyzdygy-ajtyldy/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом