Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Каналдан сөөгү табылган келиндин өлүмү боюнча дагы эле тергөө бүтө элек
11.07.2024 | 11:57
Чоң Чүй каналынан сөөгү табылган 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши дагы эле тергелип бүтө элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Алардын айтымында, экспертизалардын жыйынтыгы чыга электиктен тергөө иши кармалууда.
Эскерте кетсек, Кант шаарынын тургуну Асел Жанарбек кызы 15-февралда жоголуп, анын сөөгү 18-мартта Чоң Чүй каналынан табылган. Ал эки ай мурда турмушка чыккан.
Милиция келин дайынсыз болгон кезде «Адам уурдоо» фактысы менен иш козгоп, сөөгү табылгандан кийин дагы беренени өзгөрткөн эмес.
https://reporter.kg/asel-zhanarbek-kyzynyn-soogy-tabyldy-chyj-kanalynan-tabyldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал