Казакстан тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык ишин баштадыСоциалдык тармактарда УКМКга карата айтылган сын-пикирлерге видеожооп пайда болдуБишкекте дайынсыз жоголуп жаткан 8 өспүрүмдүн төртөө табылдыТүркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышатКыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдү
Каттоодон өтпөгөн телефондордун байланышы өчүрүлбөйт
29.07.2024 | 12:50
Уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 15-августка жылдырылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Коопсуздук кызматы чечим жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынганын белгилейт.
25-июнга чейин Кыргызстанга алынып келинген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү 15-августка чейин каттабай кое алышат. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери өчүрүлбөйт.
Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт..
Рубрики: Жаңылыктар, Коом