Байге фонду 3 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

Байге фонду 3 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

Бишкекте 30-31-августта Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу «Манас» театры билдирди.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. 12-августта «Манас» театрынын залында тандоо туру болот (саат 10:00дө).

Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт.

Төкмөлөрдүн таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына карата уюштурулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>