Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Байге фонду 3 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт
29.07.2024 | 15:06
Бишкекте 30-31-августта Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу “Манас” театры билдирди.
Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. 12-августта «Манас» театрынын залында тандоо туру болот (саат 10:00дө).
Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Төкмөлөрдүн таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына карата уюштурулат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом