Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Милиция: Тоңдо кишилерге мылтык кезеп, өмүрүнө коркунуч жараткан адам кармалды
02.08.2024 | 13:16
Ысык-Көлдүн Тоң районунда жарандарды мылтык менен коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 30-июлда Тогуз-Булак айылында болгон. Ал мас абалында кишилерге мылтык кезеп, алардын өмүрүнө коркунуч жараткан.
Милиция аны Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунан Audi 100 унаасы менен баратканда кармаган. Аталган жарандан мылтык менен ок-дарылар табылып алынган. Куралдын тиешелүү документтери болгон эмес.
Ошондой эле ал медициналык текшерүүдөн өтүп, ичимдик ичкени тастыкталган.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.