1,5 жылда Сириядан 454 кыргыз жараны алынып келинди

1,5 жылда Сириядан 454 кыргыз жараны алынып келинди

2023-жылдын февраль айынан бери «Айкөл» миссиясынын алкагында Сириядан 454 кыргыз жараны мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Алардын 300дөн ашыгы жашы жете элек балдар.

Кыргызстанда алар атайын жайда реаблитациялоодон өтөт.

ТИМ учурда Сириянын лагерлеринде калган башка жарандарыбызга жана Ирактын түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан мекендештерибизге карата тиешелүү идентификациялоо иш-чаралары жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>