Ташиев «Мурас Юнайтед» клубунун машыктыруучусун эмне үчүн кетиргенин түшүндүрдүКазакстанда үй өрттөнүп, 12 адам каза болду. Алардын тогузу жаш балдар«KAV & KEV» компаниясынын директору Алексей Клевцовдун кармалганына УКМК комментарий бердиМедиация милдеттүү болот: Садыр Жапаров эки маанилүү мыйзамга кол койдуКөптөн кийин үн катты. Сапар Исаков Кыргызстандагы энергетикалык кризис боюнча пикирин билдирдиБишкек мэри энергияны үнөмдөө шартында коомдук жайлардын иштөө тартибин тактады
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен инспекторду Бишкекке алып келишти
18.08.2024 | 11:15
Ысык-Көлдө кызмат учурда унаа сүзүп кеткен автоинспекторду Бишкектеги ооруканага алып келишти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин 15-августта Чолпон-Атага чукул жерде жол кыймылын жөнгө салып жаткан автоинспектор Элистан Арзыбековду катуу келе жаткан жеңил унаа сүзүп кетип, ал комага түшүп калганы маалымдалган.
«Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин кызматкерлеринин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканасына алынып келинди», – деп билдиришти ИИМден.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар