Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөт
Кыргызстан картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү
19.08.2024 | 17:57
Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь – июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.
Кыргызстан картошканы 5 өлкөгө – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп (83%) Өзбекстанга экспорттолгон: быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна сатылган. Былтыркыга 6 айга салыштырмалуу эки эсе көп.