Кыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды
Мектепке жана бала бакчага кабыл алууда акча талап кылса УКМК кайрылыңыз
21.08.2024 | 15:06
Окуучуларды 1-класска кабыл алууда жана мектептен мектепке которууда жана бала бакчага орноштурууда акча алууга жол берилбейт. Бул тууралуу УКМК Бишкектеги билим берүү мекемелеринин жана мектептердин жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Коопсуздук комитети буга билим берүү тармагындагы бир катар адамдар коррупцияга шектелип кармалганын эскертти.
Окууга кабыл алуу жана которуу үчүн акча талап кылынган ушундай жагдайга жарандар туш болсо, анда 0312-66-04-75 номуруна кайрылсаңыздар болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим