Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Таласта 10 жаштагы эки бала ат майдандын айнектерин сындырып кеткен
22.08.2024 | 09:00
Таластагы ат майдандын айнектерин сындыргандар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 19-августта Талас облустук ат майдандын жетекчиси Рафаэл Шайдылдаев “Фейсбуктагы” баракчасында белгисиз адамдар ат майдандын айнектерин сындырып кеткенин айтып чыккан.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Анын жыйынтыгында ат майдандын айнектерин 10 жаштагы эки бала ойноп сындырып койгондугу аныкталган. Эми балдардын ата-энелери келтирилген чыгымды төлөп бермей болду.
“Ал эми жасалган жорук боюнча ата-энелерге балдарды кароосуз калтыргандыгы үчүн мыйзамдуу чаралар көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом