Айрым аймактарда өткүн өтөт: 29-сентябрга карата аба ырайынын божомолуСаясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катышты
U17: Грек-рим балбандары дүйнө чемпионатында 1 күмүш, 1 коло утту
22.08.2024 | 09:20
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар 17 жашка чейинки (U17) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында 1 күмүш жана 1 коло утту.
Күмүштү 51 кг салмакта Кутман Калбаев алды.

Коло байгеге 45 кг ченинде Бекжан Бейшенбаев кол жеткизди.

Калган салмактарда күч сынашкан 7 балбан байге ала алган жок.
Эскерте кетсек, аталган дүйнө чемпионаты Иорданияда өтүүдө. Мелдеш 20-августта башталган, 25-августта жыйынтыкталат. Азыркы тапта грек-рим балбандарынын таймашы аяктап, кыз-келиндердин күрөшү боюнча беттештери уланууда.